Кадырлуу кыргызстандыктар!

Урматтуу мекендештер!

Сиздерди изги тилектер менен асыл максаттарга үндөгөн, жаңыруу менен аруулуктун жарчысы болгон жаңы жыл майрамыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. 

Эски жылды узатып жатып, эртеңки күндүн максаттарын белгилейбиз. Жаңы үмүттөр менен жаркын келечекке кадам таштайбыз. Анткени, биз азаттыкты сүйгөн адилеттүү калктын урпактарыбыз. Маданияты каада-салттарында, санжырасы тарыхынын бир барагында камтылган эрки бекем, эркин элбиз. Буга бабаларыбыздын баскан изинен жаралган тарых күбө. 

Ошондуктан биз ар дайым улут дөөлөттөрүн бийик туткан, руху күчтүү коомду ар бирибиз жүрөгүбүз менен, ниетибиз менен сүйгөн мамлекетти, жашоо-шарты ыңгайлуу, урпактарыбыз сыймыктана турган өлкөнү курууну максат кылабыз. Жаңы жылда ушул аруу максат, асыл – тилектерибиз орундалсын.

Урматтуу мекендештер!

Түгөнгөн сайын түтөгөн түптүү элбизӨксүгөн сайын өөрчүгөн намыстуу журтбузУлуу эл, уңгулуу улут деген наамга татыктуу бололу. Ар дайым асманыбызда асабабыз желбиреп, өлкөбүзгө кут орноп, элибизде ынтымак болсун! Жаңы жылыңыздар менен!