Бүгүн, 2021-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата “Ала Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн иш-чарадагы өлкөбүздүн картасынын сүрөтү түшүрүлгөн баннер боюнча төмөнкүдөй билдиребиз.

Бул иш-чараны уюштуруудагы Башкы прокуратуранын жооптуу башкармалыгы жеке ишканага баннер жасоого буюртма берген. Буюртманы аткаруучулар тарабынан кетирилген мындай калпыстык үчүн уюштуруу иштерине жооптуу кызматкерлерге тиешелүү чара көрүлөт. 

Ал эми өлкөбүздүн бүтүндүгүн баарынан жогору коюп сар-санаа болуп жаткан жарандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Өлкө кызыкчылыгы, мамлекеттүүлүк баарыбыз үчүн баарынан жогору турат.