Генеральная прокуратураКЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Маалымат жана басма сөз чөйрөсүнүн кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Башкы прокурор К.Зулушевдин куттуктоосу

Урматтуу маалымат жана басма сөз чөйрөсүнүн кызматкерлери!

Кымбаттуу журналисттер!

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жалпы жамаатынын жана жеке өзүмдүн атымдан  сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм.

Кыргызстандагы эркин басма сөз – мамлекетибиздеги эгемендүүлүк менен адам укугун коргоонун башкы кепили болуп саналат. Өлкөдөгү коомдук-саясый турмушту акыйкат чагылдырууда, күн сайын адилет сөздү жалпы журтка жеткирүүдө басма сөз кызматкерлеринен тоодой тобокелчилик менен жарандык эрдик талап кылат. Анткени сиздердин колуңуздардагы калем кыйратуучу да жаратуучу да касиетке ээ. Ал эми жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук пикирди түзүүдө ар дайым негизги ролду ойнойт жана улуттук маданияттын салтын, ахлак-адептүүлүктүн, руханий жана интеллектуалдуу байлыктын жаратуучусу болуп саналат.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы бардык көйгөйлөр тууралуу ачык айткан журналисттердин эмгегин жогору баалайт. Биргелишип иш алып барууда биз дайыма диалогго даярбыз, биздин максатыбыз бир – гүлдөгөн коопсуз мамлекетти куруу, ал жерде ар бир адамдын кызыкчылыгы, укугу корголушу зарыл.

Урматтуу журналисттер!

Бул майрамда жалпыга маалымдоо каражаттарынын бардык өкүлдөрүнө бакыт, ден соолук, ийгилик жана коомчулук тарабынан баалана турган   чыгармачылыктагы жаңыланууларды каалайм!


Сиздерди терең урматтап,

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушев