Прокуратура органдарынын кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө компьютердик тестирлөө башталды
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун базасында, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына кызматка кабыл алуу үчүн кадрлар резервине киргизүүгө талапкерлерди тандоонун Эрежелерине ылайык, бүгүндөн тартып талапкерлерди тандоо процессинин кезектеги баскычы - компьютердик тестирлөө башталды.
Иш-чараны кесиптик даярдоо борборунун директору А.Молдобаев ачып, өзүнүн саламдашуу сөзүндө мамлекеттик бийликтин структурасында конституциялык маанилүү орган болуп эсептелген Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына кызматка кабыл алуу үчүн кадрлар резервине киргизүүгө татыктуу талапкерлер тандалып алынууга тийиш экендигин белгилеп, катышуучуларга ийгилик каалады.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында кадрларды кесипкөй жана моралдык-адеп-ахлактык сапаттарынын негизинде тандоо прокуратура органдарынын эң негизги максаты болуп саналат.