Генеральная прокуратураКЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Башкы прокурор Өзгөн районунун тургундары менен жолугушууда

Президент С. Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу өткөрүшүүдө.

Жолугушууда, жергиликтүү тургундар укук коргоо органдарына байланыштуу жеке көйгөйлөрүн айтышып, алардын чечилүүсүн Башкы прокурордон сурашты. Андан сырткары, жарандар тарабынан социалдык көйгөйлөр, коомчулукта орун алган айрым мыйзам бузуучулуктар тууралуу суроолор берилип, алардын арыз-кайрылуулары кабыл алынды. 

Башкы прокурор эл менен болгон ар бир жолугушуу мамлекет башчынын жеке көзөмөлүндө экендигин белгилеп, кайрылуулар  бир гана мыйзам чегинде каралаарын жана калыс чаралар көрүлөөрүн билдирди. 

Жолугушууга Өзгөн районунун 300дөн ашуун тургуну катышууда.

Эске салсак, Башкы прокурор К.Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Б.Төрөбаев 5-10-сентябрь аралыгында Баткен жана Ош областтарын толук кыдырып, ар бир райондун эли менен жолугушууларды өткөрүп, көйгөйлөрүнөн кабар алышты. Алдыда, аталган жетекчилер 12-сентябрдан 17-сентябрга чейин Нарын жана Ысык-Көл облустарынын тургундары менен жолугушат.