Некролог – Салиев Умарбек Суеркулович
Некролог – Салиев Умарбек Суеркулович
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары оор жоготууга учурады. 2022-жылдын 28-сентябрында коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын экономика жана мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору Салиев Умарбек Суеркулович 36 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Салиев Умарбек Суеркулович 1985-жылдын 16-октябрында, Жалал-Абад областына караштуу Аксы районунда туулган. Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясын “юриспруденция” адистиги боюнча бүтүрүп, прокуратура органдарында 2008-жылдан тартып эмгектенип келген:
- 2008-2009-ж.ж. – Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондук прокуратураларында прокурордун стажер-жардамчысы
- 2009-2011-ж.ж. – Бишкек шаарынын Ленин жана Биринчи май райондук прокуратураларында прокурордун жардамчысы
- 2011-2014-ж.ж. – Бишкек шаардык прокуратурасында аткаруу бийлик органдарынын, өзүн-өзү башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө бөлүмүнүн жана коррупцияга каршы аракеттенүү, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн прокурору
- 2016-2017-ж.ж. – Сокулук районунун прокурорунун жардамчысы
- 2017-2018-ж.ж. – Чүй областтык прокуратурасында прокурордун соттордогу ыйгарым укуктарын камсыздоо бөлүмүнүн прокурору
- 2018-2022-ж.ж. – Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын прокурору катары эмгектенип келген.
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жалпы кызматкерлери маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жер жайлуу, топурагы торко болсун.