Генеральная прокуратураКЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Курманкул Зулушев, Бакыт Төрөбаев, Улан Ниязбеков Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушууда

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Ички иштер министри Улан Ниязбеков Таш-Көмүр шаарынын тургундары менен жолугушууда. 

Жыйында, жарандар укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер, мыйзамсыз иш-аракеттер, коомчулукта орун алган көйгөйлөр боюнча суроолорду беришти. Аталган маселелер тууралуу кайрылуулар жеринде кабыл алынып, көйгөйлөрүн ыкчам чечүү максатында тийиштүү прокуратура органдарына тапшырмалар берилди.

Жыйынга Таш-Көмүр шаарынын 500гө чукул тургуну катышууда.

Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров Башкы прокурор менен ички иштер министрин жер-жерлерге чыгып, элдин укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелеринен кабар алуу тапшырмасын койгон.