Генеральная прокуратураКЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ

Башкы прокурор Кара-Кулжа эли менен жолугушту

Өлкө башчы С. Жапаровдун тапшырмасынын негизинде, жарандар менен жеринде жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн чечүү максатын көздөгөн мамлекеттик органдардын жетекчилеринин эл менен жолугушуулары улантылууда. 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кара-Кулжа районунун тургундары менен жолугушту.

Жыйында, тургундар социалдык көйгөйлөр, коомчулукта орун алган айрым мыйзам бузуучулуктар, укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер тууралуу суроолорду беришип, арыз-кайрылууларын узатышты. Тургундардын ар бир кайрылуусу жеринде кабыл алынып, Башкы прокурор ар бир кайрылуу кылдат жана мыйзам чегинде каралаарын белгилеп, ыкчам жана калыс чаралар көрүлөөрүн билдирди.

Жолугушууга Кара-Кулжа районунун 300дөн ашуун тургуну катышууда.