Нарын облустук прокуратурасы тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү жана мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Жумгал райондук суу чарба башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, өздөрүнө пайда табуу жана материалдык артыкчылыктарды көрүү максатында, мекеменин каржылык жана бухгалтердик иш кагаздарын жасалмалоо аркылуу, айрым кызматкерлердин эмгек акы төлөө карталык эсебине каражаттарды которуу жолу менен банк аркылуу чыгарып, өз кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталган.

Натыйжада, кызмат адамдарынын кылмыштык аракеттеринин кесепети менен мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, азыркы учурда тергөө аракеттери башталды жана мыйзамсыз ыйгарылып алынган жалпы суммасы 3 062 330 сом акча каражатты мамлекеттин эсебине кайтарууга тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө.