Нарын облусунун прокурорунун демилгеси менен 2020-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин «2020-жылды Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” - деп жарыялаган Жарлыгынын алкагында балдар жөнүндө мыйзамдардын аткарылышы боюнча тегерек стол болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө жашы жете электердин арасындагы кылмыштуулуктун абалына талдоо жүргүзүлүп, кылмыштын же зомбулуктун курмандыгы болгон балдарды коргоонун өзгөчөлүктөрү, зомбулукка кабылган балдарды өз убагында аныктоо, аларды физикалык жана психологиялык жактан калыбына келтирүү үчүн керектүү укуктук, психологиялык, медициналык жардам көрсөтүү, зомбулукка жол берген ата-энелердин, камкорчулардын, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын жоопкерчиликтери талкууланды.

Облустун прокурору өз кезегинде жашы жете электерди дене-бой, акыл эс, адеп-ахлак жагынан өстүрүү жана аларды социалдык камсыздоону  жакшыртуу жана оор турмуштук кырдаалда жашаган балдарды коргоого өзгөчө көңүл бурууга багытталган иш-чараларды күчөтүүнү сунуш кылды.

Тегерек столдун катышуучулары балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик саясатты толук кандуу ишке ашыруу боюнча өз ара натыйжалуу аракеттенүү үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда ушундай иш-чараларды дайыма өткөрүп турууну чечишти.