Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги тергөө органдарынын мыйзамсыз аракеттерине, соттук териштирүүлөрдөгү негизсиз создуктурууларга карата жана ар түрдүү маселе, талаптар боюнча кайрылган 20дан ушуун жаранды кабыл алды.

Кабыл алуунун жыйынтыгында тиешелүү бөлүмдөрдүн кызматкерлерине тийиштүү тапшырмалар берилди.

Белгилей кетсек, жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу прокуратура органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Бул тармакта жумуш улантылат.