Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында  ишкердиктин субъекттеринин укуктарын коргоо жана инвестицияга жагымдуу жагдайларды түзүү багытында Кыргыз Республикасынын Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит менен жолугушуу өткөрүлдү.

Бизнес-акыйкатчы Робин Орд-Смит акыркы мезгилдерде ишкерлер тарабынан өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишине даттануулар көбөйгөндүгүн маалымдады. Көбүнчө алар — фискалдык жана укук коргоо органдарынын ишкерлердин ишине ашыкча жана негизсиз кийлигишүүлөрү.

Ошондой эле ал көпчүлүк учурда мамлекеттик органдар ишкерлер менен алдын-ала кеңешпестен өзүнчө чечим кабыл аларын, ал эми бизнес-акыйкатчы институтунун сунуштары көңүл буруусуз калып жаткандыгын өкүнүү менен кошумчалады.

Аталган жолугушууда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушев Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы №3 «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жана 2021-жылдын 4-мартындагы №61 “Ишкердик субъекттерин коргоо боюнча кошумча чаралар жөнүндө” Жарлыктары боюнча көрүлүп жаткан чаралар боюнча айтып өттү.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору ишкерлердин жана инвесторлордун мыйзамдуу укуктарын коргоо боюнча бизнес-акыйкатчы институтунун миссиясын толук колдой тургандыгы боюнча даярдыгын билдирди. Ошондой эле, прокуратура органдары тарабынан приоритеттүү түрдө бизнеске негизсиз кийлигишүүнү азайтуу жана өлкөдө ишкерлер менен инвесторлорго шарттарды жакшыртуу боюнча жигердүү чаралар көрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Робин Орд-Смит бизнес-акыйкатчы институтунун иши жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар менен тааныштырды.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара маалымат алмашуу, ишкердиктин субъектилеринин укуктарын коргоо жана бизнес-коомчулугун өнүктүрүү үчүн мындан ары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана Бизнес-акыйкатчы институтунун ортосунда жемиштүү кызматташуу зарылдыгын белгилешти.

Андыктан, прокуратура органдары тарабынан бул багытта иш улантылат жана күчөтүлөт.