Урматтуу прокуратура органдарынын кадрдык резервине талапкерлер, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кадрлар башкармалыгы прокуратура органдарына кабыл алуу үчүн талапкерлерди тандоо эрежелерине ылайык, талапкерлерди медициналык-психодиагностикалык текшерүүдөн өтүүгө чакырат. Медициналык кароодон өтүү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин аскердик-медициналык комиссиясында (ВВК) келишимдик шартта жүргүзүлөт. Дареги: Бишкек шаары, Киев көч., 58

Ал эми,  медициналык жана психодиагностикалык текшерүүдөн өтүү үчүн Башкы прокуратуранын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунан жолдомо алуу зарыл. Дареги: Бишкек шаары, Абдымомунов көчөсү, 276 (саат 10: 00дөн баштап 17:00 чейин), түшкү тыныгуу: 13:00-14:00).

0(312) 54-28-52 номуру аркылуу кененирээк маалымат алууга болот.


БПнын кадр башкармалыгы