Көрсөткүчтөрдү өткөн жыл менен салыштыруу адатына чекит коюу зарыл. Бул тууралуу Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. 

Өлкөнүн башкы көзөмөл органын жетекчиси прокурордук көзөмөлдүн тармактары боюнча көрсөткүчтөрдү 2019-жылда аткарылган иштер менен салыштырган жокпуз. Анткени, мурдатан келе жаткан статистикалык көрсөткүчтөрдү жыл сайын санын көбөйтүү талабы сапаттуу прокурордук көзөмөлдү жүргүзүүгө алып келген жок –деп билдирди.

- Ошондуктан көрсөткүчтөрдү өткөн жыл менен салыштыруу адатына чекит коюу зарыл. Себеби прокуратура органдарынын ишмердүүлүгү көрсөткүчтөргө өзгөчө маани бербестен, сапаттуу жана чечкиндүү ишмердүүлүккө багыт алуу керек, анын ичинде ар бир жарандын укугун коргоого, мамлекеттин кызыкчылыктарын мыйзамдын негизинде жүзөгө ашырууга жана кылмыштуулук менен күрөшүүгө багытталып, коомчулуктун ишеничине ээ болуусу кажет - деди Башкы прокурор Курманкул Зулушев.