2018-жылы 14-майында Москва районунун Беловодское айылынын тургуну А.Ш. өзүнүн үйүндө 1 кг 825 гр. болгон “героин препаратын” сактап жүргөн жеринен укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Тергөө учурунда А.Ш. аталган баңги затын Токтогул районунун тургуну Э.С. деген тааныш бала алып келип бергендигин билдирген. 

Тергөөнүн жыйынтыгы менен кылмыш иш Москва райондук сотуна жиберилип, соттун өкүмү менен А.Ш күнөөлүү деп табылып, 14 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискацияланган.

Ал эми анын көрсөтмөсүнүн негизинде 2019-жылдын 24-январында 1979-жылы туулган Э.С. издөөдө жүргөн жеринен кармалып, камакка алынып, кылмыш иш сотко жиберилген. 2019-жылдын 28-августунда Э.С. Москва райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын 267-беренесинин 2-пунктунун 1-бөлүгүнүн жана 267-беренесинин 3-пунктунун негизинде (банги каражаттарын, психотроптук заттарды өзгөчө ири өлчөмдө сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен күнөөлүү деп табылып, 200 000 сом айып пул салуу менен 11 жылга эркинен ажыратылган. 

Чүй облустук сотунун 2020-жылдын 27-январындагы аныктамасы менен Москва райондук сотунун аталган өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун токтомунун негизинде төмөнкү инстанциялардагы өкүмдөр бузулуп, кылмыш иш Москва районунун сотуна кайрадан башка курамда кароо үчүн жиберилген. 

Москва райондук сотунда аталган кылмыш ишин кароодо А.Ш. мурда берген көрсөтмөсүнөн баш тарткан. Ал эми Э.С. аталган кылмышты жасагандыгын тастыктаган башка далилдер аныкталбагандыгына байланыштуу ишке катышкан мамлекеттик айыптоочу Э.С. кылмыш жасады деп айыптоодон баш тартты. 

Натыйжада Москва райондук сотунун 2021-жылдын 19-апрелиндеги өкүмү менен Э.С. акталып, сот залынан бошотулду.