Мыйзамга ылайык, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандарга турак жай же жер тилкелери кезексиз жана артыкчылыктуу тартипте берилет. Бирок, Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн Ак-Дөбө айылынын тургуну Ч.Ж. (2-топтогу майып) турак жайга же жер тилкеге ээ болгон эмес.

Анын укуктарын коргоо максатында Жети-Өгүз районунун прокуратурасы тарабынан Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысына прокурордук акты киргизилген. Аны кароонун жыйынтыгында, Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги токтомунун негизинде Ч.Ж. аттуу жаранга турак жай куруу үчүн 0.10 га жер участогу бөлүнүп берилди.