2021-жылдын 15-апрелинде прокуратура органдарын ардагери, 1-класстагы юрист Мурадылов Кубат Айтакунович 61 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, Башкы прокуратура маркумдун туугандарына жана жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат. Мурадылов Кубат 1960-жылдын 18-февралында Ысык -Көл областынын Түп районунда туулган.

Ал 1992 - жылы кыргыз прокуратурасына кабыл алынып, алгачкы эмгек жолун Нарын областынын Ат-Башы райондук прокуратурасында прокурордун жардамчысы болуп иштеп баштаган. Прокуратура органдарындарында ар кайсыл кызматтарда эмгектенип, 2016-жылдан тартып ардагерлеринин катарын толуктаган. Мыйзамдуулукту чыӊдоого кошкон жеке салымы жана кызматтык милдеттерин ак ниеттүү аткаргандыгы үчүн бир нече жолу ведомстволук сыйлыктар менен сыйланган. Мурадылов Кубат Айтакуновичтин жаркын элеси ишине бийик жоопкерчилик менен берилген кесипкөйлүктүн үлгүсү катарында кесиптештеринин эсинде ар дайым сакталат. Прокуратура органдарынын жалпы жамааты маркумдун жакындарынын жана туугандарынын аза кайгысын теӊ бөлүшөт.