2021-жылдын башынан тартып Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын расмий сайтында “онлайн кабылдама” кайрылууларды кабыл алуу ишке киргизилген. Мында, жарандар өз көйгөйлөрүн жана мыйзам бузууларды кайрылуу иретинде Башкы прокурорго жолдоого мүмкүнчүлүк тузүлгөн. “Онлайн кабылдама” өз жемишин берип, күн сайын  кат куржунубузга өз ыраазычылыктарын жөнөткөн жарандарабыздын саны арбып барат. Жөнөкөй жарандарыбыз гана эмес мыйзамды түшүнгөн тажрыйбалуу юристтерден келген төмөндөгүдөй ыраазычылык каттар бар.

-Урматтуу Курманкул Токторалыевич, мен 2021-жылдын 6-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына К. кызы А. аттуу жарандын 2020-жылы туулган кызын Ак-Суу районундагы туугандары бербей жаткан фактысы боюнча онлайн кайрылуу жасаган болчумун. Сиз 2021-жылы 10-апрель күнү Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун прокуроруна маселени жеринен чечүү тапшырмасын бергенсиз. 2021-жылдын 14-апрель күнү К. кызы А. кайрылып өзүнүн кызын алгандыгын айтты. Ошол себептүү, сиздерге кайрылган маселебиз оңунан чечилгендигине байланышуу Сиздерге терең ыраазычылык билдирем. Ишиңиздерге ийгилик каалайм. Эл кызматында бар болуңуздар.

Терең урматтоо менен юрист У. Сейитбеков.