Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Прокуратура кызматкерлери үчүн оратордук чеберчилик боюнча тренинг өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору тарабынан прокуратура органдарынын кадрларын даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун 2022-жылга карата окуу–тематикалык планына ылайык, Европа Биримдигинин "Кыргыз Республикасындагы Укук үстөмдүгү-2-фаза" программасынын көмөгү менен прокурорлор үчүн "Оратордук чеберчилик. Лидерлик. Прокурордук кызматкердин коммуникативдик көндүмдөрү." темасында тренинг өткөрүлдү. 

Тренингдин негизги максаты прокуратура органдарынын кызматкерлерин эл алдында сүйлөө, лидерлик сапаттарды өнүктүү коммуникациялык көндүмдөрдү жогорулатуу ыкмаларына окутуу болду.

Бул иш-чаранын тренери катары философия илимдеринин кандидаты Т.Эгембердиев чакырылып, теориялык билим интерактивдүү жана практикалык сабактарды өткөрүү менен бекемделди.

Тренинг аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар берилди.