Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Прокуратура: Мыйзамсыз аракеттерге жол берген Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукананын жетекчиси кызматтан алынды

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Жалал-Абад областынын Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык ооруканасынын жетекчилигинин ишмердүүлүгү текшерүүгө алынды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган оорукананын жетекчиси Г.М. психикалык жактан жабыркабаган, адам өлтүрүүдө айыпталган айыпкерге карата соттук-психиатриялык экспертизаларды өткөрүү менен сот органдарына мыйзамсыз сунушту берген факты аныкталды. 

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Башкы прокуратура тарабынан Саламаттык сактоо министрине аталган оорукананын башкы дарыгери Г.М. карата катуу тартиптик чара көрүү жөнүндө сунуш келтирилип, башкы дарыгер Г.М. кызмат ордунан бошотулду.