К.Зулушев Баку шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешине катышууда
Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Зулушев Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жыйынында “Тестиер өспүрүмдөрдүн укугун коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын тажрыйбасы” аталышында баяндама жасады.
Өлкөнүн башкы көзөмөл органынын жетекчиси балдардын укуктары биздин көңүл буруубузду жана аракеттерибизди талап кылган коомдук-укуктук ишмердүүлүктүн маанилүү аспектиси экендигин айтуу менен “Балдардын укуктарын коргоо – бул мамлекеттик органдардын, коомдук уюмдардын жана жарандардын ырааттуу ишин талап кылган жоопкерчилик. Бул жаатта биздин биргелешкен иштерибиз сезилээрлик натыйжа берээрине, КМШ өлкөлөрүнүн аймагында мыйзамдуулукту бекемдөөгө кызмат кылаарына ишенем” - деп баса белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө прокурордук ишмердиктин түрдүү багыттары, КМШ мейкиндигинде трансулуттук кылмыштарга биргеликте чара көрүү, алардын алдын алуу үчүн тыгыз кызматташуу маселелери кеңири талкууланып, тажрыйба бөлүшүлдү.
Отурумдун жыйынтыгында Координациялык кеңештин бир катар чечимдерине кол коюлду.
Эске салсак, бүгүн Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун 33-координациялык кеңеши өтүүдө. Ага Кыргыз Республикасынан Башкы прокурор К.Т.Зулушев жетектеген прокуратура кызматкерлери катышууда.