Прокурорлорду, судьяларды жана адвокаттарды "Адам сатууга байланыштуу иштерди тергөө, көзөмөлдөө жана соттук кароо" темасында окутуу аяктады
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борбору (мындан ары-Борбор), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттардын окуу борбору тарабынан кесиптик кадрларды даярдоо жаатындагы өнүктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Меморандумдун алкагында Винрок Интернешнл долбоорунун техникалык колдоосу менен прокурорлор, судьялар, жана адвокаттары үчүн "Адам сатууга байланыштуу иштерди тергөө, көзөмөлдөө жана соттук кароо" темасындагы ведомстволор аралык тренинг уюштурулуп, өткөрүлдү.
Иш-чараны Борбордун директору А.Киязов, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору Э.Байтикова, Кыргыз Республикасындагы USAIDдин Тынчтыкты сактоо боюнча улук кеңешчиси Д.Хансикер ачып, адамдарды сатуу маселелерин чечүүдө тренингдин маанилүүлүгүн белгилеп кетишти.
Тренингдин максаты адамдарды сатууга байланышкан иштерди тергөөдө жана соттук кароодо ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана кызматташууну жакшыртуу, укуктук жардам көрсөтүү жана адамдарды сатуунун жабырлануучуларын коргоо системасын түзүү болду.
Прокурорлорго, сотторго жана адвокаттарга адам сатууга байланыштуу иштер боюнча тергөө жана соттук териштирүү маселелерин изилдөөгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн тренингтин жүрүшүндө кылмыш ишин иликтөөнү жана соттук териштирүүнү имитация аркылуу симуляциялык көнүгүүлөр жасалды.
Ведомстволор аралык окутуу катышуучулар үчүн байытуучу жана маалыматтуу болуп, алардын адам сатуу боюнча билимин жана түшүнүгүн кеңейтүүгө мүмкүндүк берди.