Бишкек шаарында прокурорлор, соттор жана адвокаттар үчүн тренинг өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борбору (Борбор), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттардын окуу борбору тарабынан кесиптик кадрларды даярдоо жаатындагы өнүктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Меморандумдун алкагында прокурорлор, судьялар, жана адвокаттары үчүн «Кылмыш-жаза процессинде тараптардын атаандаштык принциби. Кылмыш-жаза иштери боюнча процессти жүргүзүүнүн практикалык көндүмдөрү» темасындагы биргилишкен тренинг уюштурулуп өткөрүлдү.
Тренерлер катары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын башкармалыгынын улук прокурору Б.Калыгул уулу, Чүй областынын сотунун судьясы И.Н.Воронцова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окуутучусу Г.С.Дуйшенбекова сүйлөштү.
Прокуратура органдарынын, сот системасынын жана адвокатуранын угучуулары атаандаштык принцибинин негизинде сот адилеттигин ишке ашыруу жана атаандаштык принцибин ишке ашыруудагы көйгөйлөрү менен таанышты.
Тренинг интерактивдүү жана практикалык көнүгүүлөр менен, прокурорлордун, судьялардын жана адвокаттардын ролун бөлүштүрүү менен оюндук соттук процесс түрүндө өткөрүлдү.