Башкы прокурор К.Зулушев Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т. Зулушев Улуу Британиянын Кыргызстандагы Элчиси Николас Боулер менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргыз Республикасы менен Улуу Британиянын ортосунда кылмыштуулукка каршы аракеттенүү жана укуктук маселелер боюнча кызматташтыкты бекемдөө тууралуу талкуу жүргүзүлдү.
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасы менен Улуу Британия ортосунда жазык иштери боюнча өз-ара жардам көрсөтүү тууралуу Келишимди жана эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын ортосунда эл аралык кылмыштуулуктун ар түрдүү формасына биргеликте туруштук берүү максатында Меморандумду түзүү жана буга ылайык тийиштүү иш-чараларды уюштуруу жөнүндө кеп козголду.
Өз кезегинде, Элчи Николас Боулер, Башкы прокурор К.Т. Зулушевдин айткан сөздөрүнө британ тарап терең маани берүү менен көңүл бураарын жана элчилик тарабынан бул багытта маселелерди алдыга жылдыруу боюнча колдоо болоорун билдирди.