Прокуратура органдарынын кызматкерлери үчүн финансылык иликтөөлөр жаатында билимин жогорулатуу боюнча тренинг аяктады
Европа Кеңеши тарабынан ишке ашырылып жаткан айкындуулукка көмөктөшүү жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча долбоордун алкагында прокуратура кызматкерлери «Экономикалык кылмыштарды финансылык иликтөө» темасындагы ведомстволор аралык тренингге катышты.
Аталган тренинг улуттук тренерлерди даярдоого, долбоор тарабынан сунушталган окутуу программасы боюнча алынган алдыңкы билимдердин жана көндүмдөрдүн эсебинен каржылык иликтөө чөйрөсүндө прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн потенциалын жогорулатууга багытталган.
Симуляциялык сценарийлерин көрсөтүү жана акчаны адалдоо жана мүлктү конфискациялоо боюнча ишти натыйжалуу жүргүзүү боюнча практикалык көнүгүүлөрдү колдонуу аркылуу тренинг маалыматтуу жана мазмундуу болду.
Тренингге улуттук коопсуздук, ички иштер жана каржылык чалгындоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери да катышты.