Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

«Коррупцияга каршы биргебиз!» Эл аралык сынагынын Улуттук этабы (жарым финал) башталганын жарыялайбыз

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттер аралык кеңештин алкагында «Коррупцияга каршы биргебиз!» Эл аралык жаштар арасындагы коррупцияга каршы жарнаманын Эл аралык сынагынын Улуттук этабы (жарым финал) башталганын жарыялайт.
Сынактын катышуучулары 14 жаштан 35 жашка чейинки Кыргыз Республикасынын жарандары боло алышат (жеке адамдар же чыгармачыл жамааттар).
Катышуу үчүн “Коррупцияга каршы бирге!” деген темада сынактык эмгек (плакат же видео) 01.10.2023-жылга чейин сынактын www.anticorruption.life расмий сайтында жарыяланышы керек, ошондой эле сынактын эрежелери менен таанышууга болот.
Сынактын жыйынтыгында «Мыкты плакат» жана «Мыкты видеоролик» номинациялары боюнча жеңүүчүлөр үчүн сыйлыктар (баалуу белектер) берилет.
Биринчи орунду ээлеген сынактык иштер Россия Федерациясынын Москва шаарында өткөн сынактын финалына чыгарылат.