Бишкек шаарында прокурорлор, соттор жана адвокаттар үчүн «Сот адилеттигин жүргүзүү процессинде соттук этикети» темасындагы тренинг өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борбору (Борбор), Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттардын окуу борбору тарабынан кесиптик кадрларды даярдоо жаатындагы өнүктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Меморандумдун алкагында USAID “Укук булагы” долбоорунун техникалык колдоосу менен Бишкек шаарынын Свердлов районунун сотторунун судьялары, прокурорлору жана адвокаттары үчүн «Сот адилеттигин жүргүзүү процессинде соттук этикети» темасындагы биргилишкен тренинг уюштурулуп өткөрүлдү.
Иш чараны Борбордун директору А.Киязов, Cот адилеттигинин жогорку мектебинин окуутучусу М.Давлетбаева, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүм башчысынын орун басары З.Конгантиева, USAID “Укук булагы” долбоорунун жетекчиси Ф.Хьюстон, USAID “Укук булагы” долбоорунун сот адилеттигинин натыйжалуулугу жөнүндө жетекчиси Д.Молдошева ачышты.
Тренингдин негизги максаты, угуучуларды атаандаштык процессинин шартында сот этикетинин эрежелерине жана көндүмдөрүнө үйрөтүү, судьялардын, прокурорлордун жана адвокаттардын соттук териштирүүлөрдөгү жүрүм-турумундарынын өзгөчөлүктөрүн изилдөө жана талдоо.
Тренинг интерактивдүү жана практикалык көнүгүүлөр менен, прокурорлордун, судьялардын жана адвокаттардын ролун бөлүштүрүү менен оюндук соттук процесс түрүндө өткөрүлдү.
Тренингдин аякташы менен катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.