Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Под председательством К.Т.Зулушева прошло 8-ое заседание МСПК государств-участников Содружества Независимых Государств

2023-жылдын 4-июль күнү Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору К.Т.Зулушевдин төрагалыгы алдында Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттер аралык кеңешинин 8-чи жыйыны өттү.
Анда, коррупцияга каршы өз ара кызматташууну күчөтүү маселелери каралып, К.Т.Зулушев Кыргыз Республиканын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн коррупцияга каршы аракеттенүү ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасады.
Иш сапарынын алкагында Башкы прокурор К.Т.Зулушев Россия Федерациясынын Башкы прокурору И.В.Краснов менен жолукту.
Жолугушууда ар тараптуу кызматташууну күчөтүү, прокурордук көзөмөл жүргүзүүдө прокуратура кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу, тажрыйба алмашуу, ошондой эле эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, эң негизгиси Кырызстандын Россияда соттолгон жарандарын мындан аркы жазасын өтөө үчүн мекенибизге которуу маселелери талкууланды.
Жыйынга Армения, Беларусь жана Россия Федерациясынын Башкы прокурорлору, Казакстан жана Тажикстандын коррупцияга каршы агенсттиктеринин жетекчилери катышышты.