Россиянын абактарындагы кыргыз жарандарын ыкчам аралыкта өлкөгө алып келүү чаралары макулдашылды
Бүгүн, 6-июль күнү Президент С.Н.Жапаровдун тапшырмасын аткаруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын аймактарында эркиндигинен ажыратууга соттолгон эки өлкөнүн жарандарын которуу маселелери боюнча кезектеги эки тараптуу жолугушуу болуп өттү.
Россия Федерациясынын Юстиция министринин орун басары – статс-катчы А.В.Логинов баштаган делегацияны Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары К.К.Токтакунов кабыл алып, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соттолгон кыргызстандыктарды жана россиялыктарды өз өлкөлөрүнө которуу жаатындагы эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашты.
Ведомстволордун өкүлдөрү эл аралык Конвенциясынын алкагында эки тараптуу өз ара кызматташууну бекемдөөнү, анын ичинде соттолгондорду мындан аркы жазасын өтөөсүн улантуу үчүн өткөрүп берүү максатында аларга карата документтерди ыкчам түрдө жиберип турууну макулдашышты.
Жолугушууга Россиянын Юстиция министрлигинин, Жазаларды аткаруу федералдык кызматынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн башчылары жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын өкүлдөрү катышышты.