Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Укуктук актылардын ченемдерин үйрөтүү боюнча окуу-практикалык семинар өткөрүлдү

23.06.2023-жылы Ош областынын прокуратурасынын кызматкерлери тарабынан областтын аймагында жайгашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин, укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар  жана укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө укуктук актылардын ченемдерин үйрөтүү боюнча окуу-практикалык чара өткөрүлдү.

Аталган иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын, райондук мамлекеттик администрациялардын жана областтагы бардык айыл өкмөттөр менен шаарлардын мэрияларынын тийиштүү кызматчылары катышып, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 24.01.2022-жылы №35 токтому менен бекитилген “Укук бузуулар жөнүндө иштерди караган комиссиялар жөнүндө” Типтүү жобонун жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 30.11.2021-жылдагы №55 буйругу менен бекитилген Укук бузуулардын бирдиктүү реестрин жүргүзүү тартибинин Убактылуу эрежесинин ченемдери кеңири түшүндүрүлүп, аталган Реестр менен иштөөнүн эрежелери тест режиминде көрсөтүлүп, катышуучулардын суроолоруна жооптор берилди.