Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын делегациясынын Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы Укук коргоо органдарынын академиясына болгон иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору менен Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы Укук коргоо органдарынын академиясынын ортосунда билим берүү ишмердиги жаатындагы кызматташуу жөнүндө Меморандум түзүлдү.

Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы Укук коргоо органдарынын академиясынын ректору М.Сексембаев менен болгон жолугушууда, Борбордун директору А.Киязов кол коюлган Меморандумдун маанилүүлүгүн белгилеп, ал прокуратура органдарына жүктөлгөн милдеттерди толук жана сапаттуу аткарууга жөндөмдүү жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө түрткү бере тургандыгын белгиледи.

Аталган Меморандум кызматташтыктын формаларын кеңейтүү менен биргелешкен билим берүү долбоорлорун ишке ашыруу үчүн күчтөрдү жана ресурстарды бириктирет жана окуу процессин уюштурууда тажрыйба алмашууга, инновациялык педагогикалык технологияларды колдонууга жол берет.

Иш сапардын жүрүшүндө Борбордун директору А.Киязов байкоочу катары Казакстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын алдындагы Укук коргоо органдарынын академиясы тарабынан өткөрүлгөн адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча аймактык симуляциялык тренингдин ишине катышты.

Бул иш-чара ЕККУнун техникалык жардамы менен уюштурулган.