Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Бишкек шаарынын прокуратурасы Дүйнөлүк баңги заттарга каршы күрөшүү күнүнө карата уюштурулган балдар арасындагы футбол турнирине катышты

2023-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 2023-жылдын 16-майындагы 4-к сандуу көрсөтмөсүн аткаруу максатында Бишкек шаарынын прокуратурасы  дүйнөлүк баңги заттарга каршы күрөшүү  күнүнө карата Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан уюштурулган  балдар арасындагы футбол турниринде катышты.

Аталган турнирде Бишкек шаарынын прокуратурасынын  жана Бишкек шаарынын ШИИБнын кызматкерлери  тарабынан баңги жана психоавтивдүү  заттардын зыяны жана  сергек жашоонун пайдалуулугу жана спорт менен машыгүүнүн зарылчылыгы жөнүндө айтылып, албан спорт жетишкендиктерге  жетүү менен чын ден соолуктуу улут болууну каалап кетишти.