Жетектөөчү кызмат орундарына биринчи жолу дайындалган прокуратура органдарынын кызматкерлери квалификацияны жогорулатуу курсунан өтүштү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жетекчилиги тарабынан 2023-жылга карата бекитилген Окуу-тематикалык планын ишке ашыруунун, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-февралындагы аткаруучулук тартипти бекемдөө жөнүндөгү №28-тескемесин жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 2023-жылдын май-июнь айларында баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүргүртүүгө каршы аракеттенүү жана алдын алуу иштерин күчөтүүгө багытталган кошумча чараларды көрүү жөнүндө” 2023-жылдын 16-майындагы 4-к сандуу көрсөтмөсүнүн аткаруусунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борбору тарабынан жетектөөчү кызмат орундарына биринчи жолу дайындалган прокуратура органдарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча аралыктан 5 күндүк окутуу уюштурулуп, өткөрүлдү.
Окутууга райондордун (шаарлардын), прокурорлору, областтардын, Бишкек, Ош шаарларынын бөлүм башчылары, жана адистештирилген прокуратуралардын прокурорлорунун орун басарлары катышышты.
Аталган курс Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жетектөөчү бөлүмдөрү менен биргиликте, прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн көзөмөлдүк иштеринин тиешелүү багыттары боюнча потенциалын жогорулатуу максатында уюштурулган.
Прокурордук иш практикасында келип чыккан актуалдуу маселелер боюнча суроолорду талкулоо үчүн курстун катышуучуларына кеңири аянтча түзүлүп берилген.
Массалык информация каражаттары менен ишти туура уюштуруусуна өзгөчө маанилүү көңүл бурулду.
Иш-чаранын жыйынтыгында өткөн курсту бекемдөө үчүн аралыктан тестирлөө аркылуу билимди контролдоо жүргүзүлдү.