Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Прокуратура тарабынан Баткен токой чарбасына 84 млн. сомдук жер тилкеси кайтарылды

Баткен областтык прокуратурасы тарабынан Баткен токой чарбасында жер мыйзамдарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.
Текшерүүдө, Баткен райондук Кеңешинин аткаруу комитетинин чечими менен Баткен токой чарбасына контора жана турак жай куруу үчүн ажыратылып берилген 1,0 га жер аянты 2017-жылдагы сатып алуу-сатуу келишиминин негизинде К.А. аттуу жаранга мыйзамсыз жеке менчикке сатылгандыгы аныкталган.
Текшерүүнүн жыйынтыгы менен көзөмөл орган тарабынан сот органдарына доо арыздар келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен доо арыздар толугу менен канааттандырылган. Келтирилген прокурордук чара көрүү актысынын негизинде базар баасы 83 млн. 859 миң 300 сомдук 1,0 га жер аянты Баткен токой чарбасынын эсебине алынды.