Прокурорлор тегерек столдун ишине катышты
Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Башкы прокуратурасы, Юстиция министирлиги жана Адвокатурасы ортосунда соттук териштирүүдө өз ара кесипкөй жоокерчиликти күчөтүү боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумдун алкагында, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана региондук прокуратуралардын жетекчилик курамдагы кызматкерлери, анын ичинде прокуратура органдарынын Тартиптик комиссияларынын өкүлдөрү судьялар жана адвокаттар менен биргеликте «Сот процессинин катышуучулары үчүн «Юристтердин Кредосу» принциптерин колдонуу жана сактоо» Бишкек жана Ош шаарларында өткөн тегерек столдун ишине катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө катышуучулар «Соттук процесстин катышуучуларынын жүрүм-турум эрежелери» долбоорун талкуулап, соттук териштирүүгө катышуучулардын жүрүм-турум эрежелерин жөнгө салуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талдоосу жана сот адилеттигин натыйжалуу жана сапаттуу ишке ашыруу үчүн «Юристтер Кредосу» өз ара кесиптик жоопкерчиликтин эрежелерин ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып, ошондой эле сот процессинде тартиптин сакталышы боюнча практикалык көнүгүүлөрдү жүргүзүштү.
Аталган иш-чара, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун катышуусунда, USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун колдоосу менен «Сот процессинин катышуучуларынын этикалык нормаларды, жүрүм-турум маданиятын жана өз ара кесиптик жоопкерчилигин колдоону жана сактоо принциптерин ишке ашыруу «Юристердин кредосу»» долбоорунун алкагында «Кыргыз Республикасынын Судьяларынын Ассоциациясы» Коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен, катышуучулар «Соттук процесстин катышуучуларынын жүрүм-турум эрежелери» долбоорун толуктоо боюнча сунуштарды киргизишип, аны кайра толуктоодон кийин Меморандумга катышкан тараптардын кароосуна жана андан ары иште колдонуу үчүн жиберилет.