Борбордук Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрү үчүн эл аралык-укуктук кызматташтык тармагынын (CASC) жыл сайынкы пленардык жыйыны өткөрүлдү
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын эгидасы алдында БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аймактык кеңсесинин колдоосу менен Борбордук Азия жана Түштүк Кавказ өлкөлөрү үчүн эл аралык-укуктук кызматташтык тармагынын (CASC) жыл сайынкы пленардык жыйыны өткөрүлдү.
Пленардык жыйындын ишине Борбордук Азиянын жана Түштүк Кавказ өлкөлөрүнүн Башкы прокуратураларынын жана компетенттүү органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык эксперттер катышты.
Эки күндүк жыйындын жүрүшүндө БУУнун кабыл алынган көп тараптуу конвенцияларынын алкагында трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө эл аралык кызматташтыкты чыңдоо боюнча ар кандай актуалдуу маселелер каралды.