Диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты жөнгө салуу боюнча прокуратура кызматкерлерин окутуу аяктады
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин даярдоо борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 20-январындагы тескемеси менен диний чөйрөдөгү 2022-2026-жылдарга мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча планын жана 2023-жылга карата бекитилген Окуу-тематикалык планын аткаруу максатында “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” Эл аралык Коммерциялык эмес Корпорациясынын Өкүлчүлүгүнүн “Дин тутуу эркиндигин илгерилетүү үчүн мыйзамдуулукту бекемдөө” долбоорунун алкагында, аталган Корпорациянын техникалык жана эксперттик колдоосунда, прокурорлор жана судьялар үчүн “Кыргыз Республикасындагы диний жана башка ынанымдардын эркиндиги: айрым маселелерди конституциялык жана эл аралык стандарттарга карата укуктук жөнгө салуу жана кароо практикасы” аталышындагы эки күндүк тренингдер Ысык-Көл жана Ош областтарында уюштурулуп, өткөрүлдү.
Тренингдин жүрүшүндө угуучулар абийир жана дин тутуу эркиндигин коргоонун эл аралык стандарттары, Кыргыз Республикасындагы дин тутуу жана башка ынанымдар эркиндигин камсыз кылуунун мыйзамдык негиздери, материалдарды экстремисттик деп таанууга байланышкан иштерди кароонун укуктук аспектилери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, абийир жана дин тутуу эркиндиги укугун ишке ашырууга мыйзамда белгиленген тыюу салуу жана жоопкерчилик, диний ишмердүүлүктү жоюу менен байланышкан иштерди кароонун тартиби, дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар боюнча мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги, ошондой эле экстремизмге каршы аракеттенүү менен байланышкан иштер боюнча экспертиза жүргүзүү маселелери жөнүндө практикалык окуулар өткөрүлдү.
Тренер катары Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучулары, эксперттер жана Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын ардагери Бит Аврагим Атур Яковлевич катышты.
2022-2023-жылдар аралыгында жогоруда аталган долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 32 кызматкери окуудан өтүп, жыйынтыгы менен аларга сертификаттар тапшырылган.