Прокурордук-тергөө кызматкерлери үчүн эл аралык практикалык семинар өткөрүлдү
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасы жана Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортолорунда кол коюлган 2022–2023-жылдарга карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүү Пландарынын алкагында, 2023-жылдын 18-19-майында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борбору тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын прокурордук-тергөө кызматкерлери үчүн эл аралык практикалык семинар өткөрүлдү.
Саламдашуу сөздөр Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун директору Молдобаев Азамат Байышович жана Россия Федерациясынын прокуратурасынын федералдык мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы Бугаева Дария Павловна тарабынан айтылды.
Иш-чара гибрид форматында (онлайн жана оффлайн) өтүп, ага Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлери, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин жана Кыргызстан Эл аралык университетинин профессордук-окутуучулук курамы, прокуратура органдарынын ардагерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана региондук прокуратуралардын 200дөн ашык, анын ичинен жетекчилик курамдан кызматкерлер катышты.
Семинар прокурордук-тергөө кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу жана балдардын укуктарын коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы укук бузууларга каршы аракеттенүү жаатында тажрыйба алмашуу максатында өткөрүлдү жана аталган темалар боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасынын кызматкерлеринин баяндамалары угулду.
Эки күндүк семинардын жүрүшүндө катышуучулар мыйзам менен чатагы бар балдарды кылмыш-жаза сот тутумунан чыгаруунун тартиби, балдар арасындагы укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү чаралары, сотко чейинки өндүрүш стадиясында прокурордук көзөмөлдү жүргүзүү жана аялдар менен кыздарга карата зомбулукка байланыштуу кылмыштар боюнча сотто мамлекеттик айыптоону колдоо практикасы, ошондой эле курчап турган чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу жаатындагы укук бузууларга каршы аракеттенүү боюнча чаралар менен, жер казынасын пайдалануу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жагында прокурордук көзөмөлдүн практикасы, экологиялык кылмыштар жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик айыптоону колдоонун өзгөчөлүктөрү менен таанышты.
Семинардын жыйынтыгы боюнча тараптар прокурордук-тергөө кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба менен алмашуу максатында мындан ары ушундай биргелишкен окуу иш-чараларды өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Башкы прокуратураларынын ортосундагы кызматташууну чыңдоо боюнча сунуштарды киргизишти.