Бишкекте Кыргызстан, Россия, Өзбекстан өлкөлөрүнүн Башкы прокуратураларынын кызматкерлери катышкан эл аралык семинар өткөрүлдү
2023-жылдын 18-19-майында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы менен Россия Федерациясынын Башкы прокуратурасы жана Өзбекстан Республикасынын Башкы прокуратурасынын ортолорунда кол коюлган 2022-2023-жылдарга карата биргелешкен иш-чараларды өткөрүү Пландарынын алкагында эл аралык семинар өткөрүлдү.
Семинардын жүрүшүндө катышуучулар терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө активдүү маалымат жана тажрыйба алмашышты, Интернет тармагында экстремисттик жана террористтик идеологиялардын жайылышына каршы аракеттенүүнүн натыйжалуу стратегияларын жана ыкмаларын талкуулашты. Өзгөчө көңүл кылмыш ишин козгоодон баштап, аларды соттук териштирүүгө чейинки жазык процессинин бардык этаптарында прокурордук көзөмөлдүн практикасына бурулду.
Андан тышкары, эл аралык бириккен семинардын алкагында катышуучулар жазык сот адилеттиги жаатындагы эл аралык кызматташтыкка байланыштуу маселелерди, анын ичинде изделип жаткан адамдарды өткөрүп берүү жана өз ара укуктук жардам көрсөтүү жол-жоболорун талкуулашты. Өз ара укуктук жардам жөнүндө эл аралык суроо-талаптарды кароо жана аткаруу өзгөчөлүктөрү каралды.
Семинарга Кыргызстан, Россия жана Өзбекстандын башкы прокуратураларынын жогорку квалификациялуу кызматкерлери чогулду.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан заманбап коркунучтарга натыйжалуу каршы туруу максатында ишке ашырылып жаткан демилгелердин кеңири спектринин бир бөлүгү болуп саналат.