Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Ош областынын Ноокат районунда прокурорлор, соттор жана адвокаттар үчүн «Сот адилеттигин жүргүзүү процессинде соттордун, прокурорлордун жана адвокаттардын соттук этикети» темасындагы тренинг өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борбору, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына караштуу Адвокаттардын окуу борбору тарабынан кесиптик кадрларды даярдоо жаатындагы өнүктөштүк жана кызматташтык жөнүндө Меморандумдун алкагында USAID “Укук булагы” долбоорунун техникалык колдоосу менен Ош областынын Ноокат районунун сотторунун судьялары, прокурорлору жана адвокаттары үчүн «Сот адилеттигин жүргүзүү процессинде соттордун, прокурорлордун жана адвокаттардын соттук этикети» темасындагы биргилишкен тренинг  уюштурулуп өткөрүлдү.

Ош областынын Ноокат районунун сотунун төрагасы Ч.Н.Ибраева, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борборунун улук прокурору А.Иманалиева, USAID  “Укук булагы”  долбоорунун өкүлү У.Мамбеталиев  саламдашуу сөздөрүн сүйлөштү.

Семинардын жүрүшүндө катышуучулар соттук этикеттин түшүнүгү, предмети, соттук этика түшүнүгүнөн айырмасы, судьялар, прокурорлор жана адвокаттар үчүн соттук этикет жөнүндө темалар менен таанышышты.

Теориялык билим интерактивдүү,  практикалык   көнүгүүлөрдү    жасоо

менен бекемделип, соттордун, прокурорлордун жана адвокаттардын катышуусунда оюн форматында өткөрүлгөн соттук процесстер менен толукталды.

Тренерлер катары Чүй областынын сотунун төрагасынын административдик  иштер боюнча орун басары Ж.Н.Мурзалиева жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кылмыш-жазык, жарандык сот өндүрүшү жана сот чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө башкармалыгынын улук прокурору М.Ш.Абдышев сүйлөштү.

Аталган тренинг угуучуларды атаандаштык процессинин шартында сот этикетинин эрежелерине жана көндүмдөрүнө окутууга соттордун, прокурорлордун жана адвокаттардын соттук териштирүүлөрдөгү жүрүм-турумундарынын өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө багытталды.

Тренингдин аякташы менен катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.