Прокурор кызматкерлер республика боюнча ишембилик өткөрүштү
2023-жылдын 29-апрель күнү Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын жалпы жамааты кезектеги ишембиликке чыгышты.
Башкы прокуратуранын кызматкерлери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинин, көзөмөл органынын имаратынын аймагын жана борбор калаабыздын А.Токтоналиев көчөсүн бойлотой тазалоо жана айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иштерин жүргүзүштү.
Ал эми, республикабыздын областтык, райондук, аскер жана адистештирилген прокуратура органдарынын кызматкерлери белгиленген аймактарда массалык түрдө ишембилик иштерин өткөрүшүп, айлана көрктөндүрүлүп, таштандылар алынып иретке келтирилди.