Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Эл аралык илимий-методикалык семинарга кызматкерлер катышты

Жогорку окуу жайлары менен кызматташуунун алкагында прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борборунун кызматкерлери Б.Н.Ельцин атындагы КРСУнун терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү жана алдын алуу борбору тарабынан Россия Федерациясынын криминалисттердин жана кримининологдордун союзу менен биргеликте КРСУнун 30 жылдыгына карата уюштурулган «Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча Укук коргоо органдарынын, эксперттик жана билим берүү мекемелеринин соттук-эксперттик потенциалын өркүндөтүү» темасындагы эл аралык илимий-методикалык семинарга катышты.

Аталган семинар Кыргыз Республикасынын укук коргоо, эксперттик жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин экстремисттик жана террористтик кылмыштарды иликтөөдө колдонулуучу эксперттик изилдөөлөрдүн заманбап түрлөрүн жүргүзүү, ошондой эле соттук-эксперттик ишмердиктеги көйгөйлөр боюнча потенциалын жогорулатуу максатында уюштурулду.

Тренингдин жүрүшүндө угуучулар неймингдик экспертизанын түшүнүгү, соттук-медициналык ишмердикти санариптештирүү менен, синтезделген тыбыштык кептин соттук экспертизасын жүргүзүү практикасы жана экстремисттик материалдарды соттук-лингвистикалык экспертизадан өткөрүүсү боюнча таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Лектор катары Россия Федерациясынын криминалисттердин жана кримининологдордун союзунун төрагасы, юридика илимдеринин кандидаты, О.Кутафин атындагы Москва мамлекеттик юридикалык университетинин соттук экспертизалар кафедрасынын доценти Николай Филиппович Бодров катышты.