Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин сот жана укук коргоо органдарынын окуу жайларынын онлайн жолугушуусунда катышуу болду

Прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин сот жана укук коргоо органдарынын окуу жайларынын өкүлдөрү менен болгон жумушчу жолугушууга катышышты.

Аталган иш-чара Сот кызматкерлерин даярдоо түрк тармагынын өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумунун алкагында  Туркия Адилет Академиясы тарабынан уюштурулган.

Жолугушууда Туркия тарабынан иштелип чыккан жана презентацияланган Сот кызматкерлерин даярдоо түрк тармагынын жол картасы жана веб-сайты, ошондой эле биргелешкен илимий-практикалык конференцияларды, форумдарды өткөрүү, тажрыйба алмашуу, сот жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуу боюнча маселелер талкууланган.