Чоң-Алай районунда ишкерлер менен жолугушуу өткөрүлүп, алардын мыйзамдуу укуктарын коргоо маселелери талкууланды
Чоң-Алай райондук прокуратурасы тарабынан райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында, Кыргыз Республикасынын экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Чон-Алай району боюнча башкармалыгы, Чон-Алай райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору жана Чон-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушууга 30 тан ашуун аталган бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө, мамлекеттик салык кызматы тарабынан бекер берилип жаткан контрольдук кассалык машина (ККМ) тууралуу салык кызматкерлери тарабынан ишкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, берилген суроолорго жооп берилип, тараптар мындан ары ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүнүн көйгөйлүү маселелерин талкуулашып, анда алардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын ишмердүүлүгүнө укук коргоо жана контролдоочу органдар тарабынан мыйзамсыз кийлигишүү фактыларына бөгөт коюу маселелери көтөрүлдү.
Ошондой эле, жолугушууда, Кыргыз Республикасынын “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамынын талаптары кеңири түшүндүрүлүп, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан иштелип чыккан "Ишкердиктин субъектилерин текшерүүлөрдү каттоо" автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча түшүндүрүлдү.
Бул программанын максаты, ишкердик субъекттердин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз кийлигишүүсүн четтетүү, аларды укуктук коргоону күчөтүү жана укук коргоо органдары жана салык кызматынын органдары тарабынан текшерүүлөрдү жүргүзүүдө коррупциялык тобокелдиктердин көрүнүшүнө каршы аракеттенүүгө багытталган.
Жолугушуунун жүрүшүндө, катышуучуларга Кыргыз Республикасынын “Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндө” жана “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Мыйзамдары таратылып берилди.
Райондук прокуратура тарабынан бул багытта үзгүлтүксүз иш алып барылат.