БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбордук Азия боюнча Регионалдык кеңсесинин делегациясы менен жолугушуу өттү
Кызматташуу жөнүндө меморандумдун негизинде, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин жетекчиликтири тарабынан БУУнун БКБнын программасынын улуттук координатору К.Исмаилов менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жыйынтыгында, пробациялык көзөмөлдү колдонуу боюнча прокурорлор жана судьялар үчүн биргелешкен окуу өткөрүү маселелери талкууланды.