Прокурорлор жана судьялар үчүн биргелешкен тренингдерди өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун жетекчилиги жана кызматкерлери “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” Эл аралык коммерциялык эмес корпорациясынын өкүлчүлүгүнүн дин тутуу эркиндиги боюнча долбоорунун координатору И.Умарахунов менен жумушчу жолугушууга катышты.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектеби жана «Жалпы кызыкчылыктарды издөө» корпорациясы менен биргеликте лингвистикалык жана диний эксперттерди тартуу менен, прокурорлор жана судьялар үчүн Кыргыз Республикасында материалдарды экстремисттик деп таанууга байланыштуу иштерди кароонун укуктук аспектилери боюнча тренингдерди өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.