Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Прокурорлор “Сот процессинин катышуучуларынын этикалык нормаларды, жүрүм-турум маданиятын жана өз ара кесиптик жоопкерчилигин колдоону жана сактоо принциптерин ишке” темасындагы тегерек столуна катышышты.

Ысык-Көл жана Нарын областарынын жазык жана жарандык сот өндүрүшүндө катышкан прокурорлору “Кыргыз Республикасынын Судьялар Ассоциациясы” Коомдук бирикмеси USAID “Укук булагы” долбоорунун колдоосу менен уюштурулган “Сот процессинин катышуучуларынын этикалык нормаларды, жүрүм-турум маданиятын жана өз ара кесиптик жоопкерчилигин колдоону жана сактоо принциптерин ишке ашыруу (“Юристердин кредосу”)” темасындагы тегерек столуна катышышты.

“Кыргыз Республикасынын судьялар Ассоциациясынын” аткаруучу директору М.Оморова “Сот процессинин катышуучуларынын этикалык жүрүм-турум принциптерин сактоо” долбоорунун презентациясы менен чыкты.

Ошондой эле, тегерек столдун жүрүшүндө “Сот процессинин катышуучуларынын жана соттук териштирүүгө катышкан башка адамдардын жүрүм-турум эрежелеринин” долбоору, “Соттук териштирүүгө катышуучулардын жүрүм-турум эрежелерин жөнгө салуу  жана өз ара кесиптик жоопкерчилик эрежелерин киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талдоо жана Сот адилеттигин натыйжалуу жана сапаттуу ишке ашыруу үчүн (“Юристтердин Кредосу”)”, чакан топтордо сот процессинде тартипти сактоо боюнча практикалык көнүгүүлөрү өткөрүлдү.

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку соту,  Башкы прокуратурасы, Юстиция министирлиги жана Адвокатурасы ортосунда соттук териштирүүдө өз ара кесипкөй жоокерчиликти  күчөтүү боюнча кызматташуу жөнүндө Меморандумдун алкагында, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борборунун катышуусу менен  уюштурулган.