Прокуратура органдарында стажы аз жаш адистерден турган прокурордук кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу программасы боюнча окутуу аяктады
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы «Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө», “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыктарынын талаптарын эске алуу менен жана 2023-жылга карата бекитилген Окуу-тематикалык планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо Борбору тарабынан прокуратура органдарына биринчи жолу кабыл алынган кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча аралыктан 5 күндүк окутуу уюштурулуп, өткөрүлдү.Аталган окуу иш-чараларды прокурордук-тергөө кызматкерлерин кесиптик даярдоо борборунун директору А.Б.Молдобаев ачып, мыйзамдуулукту камсыз кылуу, адамдын жана жарандын укуктарын коргоо, мыйзамдуулукту чыңдоо боюнча прокуратура органдарына жүктөлгөн милдеттердин ийгиликтүү ишке ашырылышы кызматкерлердин жогорку кесипкөйлүгүнүн, ак ниеттүүлүгүнүн жана бузулбастыгынын, алардын көз карандысыздыгынын жана калыстыгынын негизинде гана мүмкүн экендигин белгиледи. Окуунун жүрүшүндө угуучулар Кыргыз Республикасынын прокуратурасынын конституциялык-укуктук абалы, азыркы этаптагы прокуратура органдарынын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле, прокуратура органдарында ишти уюштуруу жана пландаштыруу, «Кылмыштардын бирдиктүү реестри», «Укук бузуулардын бирдиктүү реестри», «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү каттоо» автоматташтырылган маалымат тутуму менен иштөөнүн негиздери, укук коргоо органдарынын ишинде ведомстволук статистикалык эсепти жана отчеттуулукту уюштуруу, прокуратура органдарында иш кагаздарды жүргүзүү, электрондук иш кагаз жүргүзүү системасы (СЭД), Кыргыз Республикасындагы заманбап коррупцияга каршы саясат, коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы прокуратуранын ролу, прокуратура кызматкеринин кесиптик этикасы, балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдардын аткарылышына прокурордук көзөмөл, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү, ошондой эле балдарды кылмыш-жаза сот өндүрүш тутумунан чыгарууда кылмыш-жаза тартибин сактоо боюнча талаптарын аткаруу жөнүндө таанышышкан.Мындан тышкары, жаш адистердин өзгөчө көңүлдөрү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, тергөөнү жана изин суутпай издөө ишин жана көзөмөлдөөсүн уюштуруу, биринчи, аппеляциялык жана кассациялык инстанциялардагы соттордо мамлекеттик айыптоону ишке ашырууда прокурордун ыйгарым укуктарына бурулган.