Кыргыз РеспубликасынынБАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ

Прокурорлор, судьялар жана адвокаттар үчүн тренинг өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын прокурордук-тергөө кызматкерлерин даярдоо борбору тарабынан Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 20-январындагы тескемеси менен диний чөйрөдөгү 2022-2026-жылдарга мамлекеттик саясатынын Концепциясын ишке ашыруу боюнча планын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби жана Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын алдындагы адвокаттарды окутуу борбору менен кызматташуу жөнүндө Меморандумдун алкагында “Жалпы кызыкчылыктарды издөө” Эл аралык Коммерциялык эмес Корпорациясынын Өкүлчүлүгүнүн техникалык жана эксперттик колдоосунда прокурорлор, судьялар жана адвокаттар үчүн “Кыргыз Республикасындагы диний жана башка ынанымдардын эркиндиги: айрым маселелерди конституциялык жана эл аралык стандарттарга карата укуктук жөнгө салуу жана кароо практикасы” аталышындагы эки күндүк тренинг уюштурулуп, өткөрүлдү.

         Тренингдин жүрүшүндө угуучулар абийир жана дин тутуу эркиндигин коргоонун эл аралык стандарттары, Кыргыз Республикасындагы дин тутуу жана башка ынанымдар эркиндигин камсыз кылуунун мыйзамдык негиздери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

         Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, абийир жана дин тутуу эркиндиги укугун ишке ашырууга мыйзамда белгиленген тыюу салуу жана жоопкерчилик, диний ишмердүүлүктү жоюу менен байланышкан иштерди кароонун тартиби жана дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар боюнча мыйзамдын талаптарын бузгандыгы үчүн жеке жана юридикалык жактардын жоопкерчилиги боюнча практикалык окуулар өткөрүлдү.

         Тренинг аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.