Ысык-Көл областын өнүктүрүү фондун башкаруу Дирекциясынын кызмат адамы жана подряддык ишкананын жетекчиси кармалды
Ак-Суу райондук прокуратурасы тарабынан Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондун башкаруу Дирекциясынын кызмат адамдарына карата тергөөсү жүргүзүлүп жаткан кылмыш иштин алкагында дирекциянын кызмат адамы “С.у.А” жана “Е.С” ЖЧК подряддык ишкананын жетекчиси “С.А.М.” кармалды.
Алсак, дирекция тарабынан Ак-Суу районунун Үч-Кайнар айылынын суу түтүктөрүн оңдоого 9 171 555 сомго түзгөн тендер жарыяланып, тендердин жыйынтыгында «Е.С» ЖЧКу менен жалпы суммасы 7 млн 67 миң 126 сомго келишим түзүлгөн.
Тергөөнүн жүрүшүндө дирекциянын кызмат адамдары менен подряддык уюмдун жетекчиси кылмыштуу макулдашууга барып, аткарылган иштердин актысы жок жалпы суммасы 7 млн сомдук бюджеттик акча каражатын мыйзамсыз которгондугу аныкталган.
Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондун башкаруу Дирекциясынын суу түтүктөрүн оңдоо иштерин өлчөө боюнча комиссиясынын актысына ылайык, “Е.С” ЖЧКу тарабынан аткарылган жумуштардын көлөмү 3 млн 206 миң 97 сомду түзгөн.
Аталган адамдардын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке жалпы суммасы 3 млн 793 миң 903 сом зыян келтирилген.